Нөшөрлөп жааган жаандан улам кечээ түнү Ысык- Көл облусундагы бир катар айылдарда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү, Корумду, Темировка айылдарын жана бир пансионатты сел каптаган. Учурда жеринде куткаруучулар иштеп жатат.
Селден эң көп Темировка айылы жабыркап, 100дөн ашык үйдү суу каптаган. Мындан тышкары Тоң районундагы Ак-Сай айылында, Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылында да сел жүргөн.
Облус аймагындагы бир нече ички жолдор жабылганы кабарланды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.