Ысык-Көлдө очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титиреди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ түнкү саат 11ден өтүп Көлдүн Кытай менен чектешкен аймагында жер титирөө катталды.
Жер титирөө Ак-Суу районунун Таш-Короо, Кургак айылдарында 5 балл, Эчкили-Таш, Койлуу, Май-Саз айылдарында 4,5 балл, Түп районунун Кең-Суу айылында 4,5 балл жана Каракол шаарында 3,5 баллга чейин сезилген.
Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.