АКШнын Алабама штатында бала ата-энеси менен бир күндө төрөлгөн сейрек учур катталды.
Бул тууралуу Хантсвилл ооруканасынын кызматкерлери медициналык мекеменин Фейсбуктагы расмий баракчасына жазышты.
Жубайлар Кэссиди менен Дилан Скотт экөө тең 18-декабрда жарык дүйнөгө келишкен.
Эми алардын кызы да ушул эле күнү төрөлүп отурат.