Ысык-Көлдө пансионаттарга бара турган жолдор оңдолууда

Ысык-Көлдө пансионаттарга бара турган жолдор оңдолууда. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев билдирди. Анын айтымында, Бостери айылындагы “Жетиген”, “Нур”, “Алтын Кум”, “Толкун” жана “Тулпар” пансионаттарына бара турган 1,6 чакырымга созулган унаа жолго асфальт-бетон төшөлдү. Ага мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каражат бөлүнгөн.

 

«Учурда “Кыргызское Взморье” пансионатынан “Аалам” пансионатына чейинки унаа жолго асфальт төшөө жумуштары башталды. Жолдун жалпы узундугу 1,2 чакырымды түзөт», — деди министр.

 

Ошондой эле ал көлдүн жээгинде жайгашкан пансионаттарга бара турчу жолдорго өзгөчө көңүл бурулуп, жалпысынан 20 чакырым аралыкка асфальт төшөө пландалып жатканын кошумчалады.