Ысык-Көлдө селден жабыркагандар жок

Ысык-Көлдө селден жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Булан-Сөгөттү, Корумду жана Темир айылдарында жалпысынан 480 үйдү суу каптады.

 

Жеринде тазалоо иштери уланууда. Табигый кырсыктын кесепетин жоюуга 440тан ашык адам жана бир нече атайын техника тартылды. Эске салсак, Ысык-Көл облусунда кечээ катуу жаандан кийин сел жүрдү. Тоң жана Ысык-Көл райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.