Боомдо сел жүрдү

Боомдо сел жүрдү. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун бир тарабы жабылып, транспорт үчүн бир тараптуу кыймыл уюштурулду.

 

Жеринде жолчулар иштеп, ылай аралаш массаны тазалоо иштери жүрүүдө. Белгилеп кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрөт деп эскерткен.