Ысык-Көлдө жайкы сезондун аягына чейин бардык мыйзамсыз объектилер алынат

Ысык-Көлдө жайкы сезондун аягына чейин бардык мыйзамсыз объектилер алынат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

 

Анын айтымында, мыйзам боюнча көлдүн жээгинин 100 метр айланасында эч кандай курулуш болбошу керек.

 

Бүгүнкү күнгө карата жүздөгөн объектилер түрттүрүлдү. Ал эми мыйзам чегинде, бардык талаптарды сактоо менен курулган имараттар жана курулуштар калат, — деди Орунтаев.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.