Ошто 1-июлдан тарта таштанды чыгаруу тарифи кымбаттайт

Ошто 1-июлдан тарта таштанды чыгаруу тарифи кымбаттайт. Бул тууралуу шаардык кеңештин токтомунда айтылат. Көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин жашоочулары айына эми 25 сом эмес,  35 сомдон төлөйт.

 

Ал эми жеке турак-жайлар үчүн тариф 35 сомдун ордуна, 40 сомду түзүп калат. Эске салсак, Бишкекте таштанды чыгаруу үчүн тарифтер ушул жылдын 1-февралында кымбаттаган болчу.