Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулган 10дон ашык объект буздурулду

Ысык-Көлдө жолдун боюна мыйзамсыз курулган 13 объект буздурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, министрликтин алдындагы Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Ысык-Көл облусунда Барскоон – Каракол мамлекеттик автоунаа жол тилкесинин аймагына мыйзамсыз салынган майда жана чоң соода курулуштарды аныктады.

 

Мындан сырткары, Жети Өгүз районуна караштуу Даркан, Саруу жана Кызыл Суу айылдарында комиссия менен биргеликте КР жер мыйзамдары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

Жыйынтыгында жалпы 13 обьект буздурулуп, мыйзамсыз ээлеп алынган жер аянттары баштапкы калыбына келтирилди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.