Өзбекстан Кыргызстанга автобус каттамын жандантты

Өзбекстан бир жумага созулган тыныгуудан кийин Кыргызстанга автобус каттамын жандантты.

Массалык маалымат каражаттары билдиргендей, автобустар Россия менен Казакстанга да каттай баштады.

Белгиленгендей, жакынкы убакта эл аралык автобустук каттамдардын саны көбөйтүлөт.

Эске салсак, транспорттун ишиндеги үзгүлтүккө катуу суук себеп болгон.