Британ музейинде мумия деген сөзгө тыюу салуу сунушталууда

Британ музейинде мумия деген сөзгө тыюу салуу көздөлүүдө.

Байыркы египеттиктер жөнүндө сөз кылган музей кызматкерлеринин лексиконунда бул сөз дээрлик колдонулбай калган.

Британдыктар бул термин коркунучтуу тасмалардагы каармандарды эске салат деп эсептешет.

Мумия деген сөздүн ордуна алар “мумияланган адам” деп айтууну сунушташууда.

Британ музейинин бул позициясын Эдинбургдагы Шотландиянын Улуттук музейи, Ньюкаслдагы Улуу Түндүк музейи жана башкалар да кубаттап жатышат.