Өзбекстандык авиакомпания 16-июндан тарта Ысык-Көлгө каттамдарды ачат.
Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту билдирди. ATR 72-600 учактары Ташкент — Ысык-Көл — Ташкент багыты боюнча жумасына үч ирет каттайт — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү. Келечекте алардын санын көбөйтүү пландалууда.