Жаңы окуу жылында 40 билим берүү мекемеси пайдаланууга берилет

Кыргызстанда быйыл жаңы окуу жылында 40 билим берүү мекемесинин имараты пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу билдирди.

 

Анын айтымында, анын 27си мектеп болсо, 13ү бала бакча.

 

Белгилеп кетсек, 2024-жылы өлкөдө 100дөн ашуун социалдык мааниге ээ объектилерди ишке киргизүү пландалууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.