12 жылдык билим берүүгө байланыштуу жол картасы иштелип чыгат

Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык окуу системасына өтүүгө байланыштуу жол картасын иштеп чыгат. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

 

Анын айтымында, негизги максат – дүйнөлүк билим берүү системасынын деңгээлине туура келүү.

 

Бириккен Улуттар Уюумунун 193 өлкөсүнүн 150сүндө 12 жылдык билим берилет. Кыргызстан жаңы моделге өтсө, бүтүрүүчүлөр 150 өлкөнүн эмгек жана билим рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк алышат.