Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 17 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды.
Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомстводон эске салышкандай, мындай бакчаларда 3 сааттык өнүктүрүүчү программа каралат.
Балдарга тамак-аш берилбейт жана алар уктабайт. Мындай формат мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалган балдардын санын эки эсе көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет деп күтүлүүдө.