Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объект 624 окуучуга чакталып, Масадан айылында жайгашат.

 

Долбоорду ишке ашыруунун баасы 81 миллион сомду түздү. 3 кабаттуу имаратта окуу корпусунан тышкары, спорт зал, акты залы жана ашкана каралат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.