Жалпы республикалык тестирлөөгө катышуунун баасы 100 сомго кымбаттады

Жалпы республикалык тестирлөөгө катышуунун баасы 100 сомго кымбаттады.

 

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришкендей, эми негизги жана ар бир предметтик тесттин баасы 470 сомго барабар.

 

Буга чейин катышуучулар 370 сомдон төлөп келген. ЖРТга катышуу үчүн  каттоодон өтүү керек. Ал онлайн форматта testing.kg сайтында 7-апрелге чейин жүргүзүлөт. Каттоо учурунда уюлдук телефондун номери жазылат, ал номер кийин жогорку окуу жайга өтүү үчүн сынакка дагы керектелет, — дешти борбордон.