Жапаров Парижде «Туруктуу өнүгүү үчүн спорт» саммитине катышты

Президент Садыр Жапаров Францияга иш сапарынын алкагында 26-июлда Париж шаарында “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы саммитке катышты.

 

Президенттин администрациясы билдиргендей, саммитти Эл аралык олимпиада комитети жана Франциянын президентинин канцеляриясы уюштуруп, ага мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын лидерлери, спорт өкүлдөрү болуп жалпы 500 адам катышты.

 

“Бул иш-чара Париж-2024 уюштуруу комитетинин климаттык стратегиясына ылайык, келечек муундар алдындагы кеңири милдеттенменин алкагында өлкөлөргө жана спортко кызыкдар тараптарга БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө болгон чечкиндүүлүгүн ырастоого мүмкүндүк берет. Саммит спорттун туруктуу өнүгүүнүн маанилүү кыймылдаткычы деген ишенимдин негизинде күч-аракеттерди мобилизациялоону максат кылат жана мураска, таасирге, туруктуулукка басым жасоо менен спорттук иш-чаралардын жаңы жолун орнотууга багытталган”, — деп жазылган маалыматта.

 

Садыр Жапаров иш сапары менен 25-июлда Парижге барган.