Бишкекте 1-майдан тарта фонтандар иштей баштайт. Мэриядан билдиришкендей, комплекстерди ремонттоо кышы бою жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө суу өлчөгүч приборлор орнотулуп, “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Жалпысынан муниципалдык ишкананын балансында 17 фонтан комплекси бар.