Жарым жылда Баткен облусуна 241,3 млн сом бөлүндү

Баткен облусу боюнча 2024-жылдын алты айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер 240,3 млн сом өлчөмүндө каржыланды.

 

Каржы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • теңдөөчү трансферт – 169,3 млн сом;
  • айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 26 млн сом;
  • электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 35,9 млн сомду түздү.

Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен 9,1 млн сом бөлүнүп берилди.

 

Ошондой эле 2024-жылдын 5-февралында №34-р тескемесине ылайык, 1 млн сом каржыланды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.