Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн тизмесине  4 миллиондон ашык адам киргизилди

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн тизмесине  4 миллиондон ашык адам киргизилди. БШК алдын ала тизмени жарыялады.

 

Жарандар “Тизме” порталынан өздөрү тууралуу маалыматты такташы керек, ал эми кагаз түрүндө добуш берүүчүлөрдүн аты-жөнү 28-сентябрда 2 миң 438 шайлоо тилкесинде илинет.

 

Эске салсак, президенттин жарлыгы менен жергиликтүү кеңештер таркатылып, 249 кеңеште депутаттарды шайлоо 17-ноябрда өтөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.