Президент 5 региондо айылдык кеңеш депутаттарын шайлоону дайындады.
Кеп Нарын, Баткен, Ош, Талас Чүй облустары тууралуу болуп жатат. Добуш берүү кампаниясы эл өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары аяктаганына байланыштуу өткөрүлөт.
Шайлоолор 9-апрелге белгиленди. Ал эми Боршайкомго процессти бардык эрежелер менен, мыйзам чегинде уюштуруу жана өткөрүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле бул жолку шайлоолорду сыноо иретинде электрондук форматта өткөрүү маселеси каралууда.