Жергиликтүү кеңештин шайлоосундагы босого чек төмөндөтүлдү

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин шайлоосундагы босого чек 5% болуп белгиленди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Документте шайлоо ченемдерин өнүктүрүү, майыптыгы бар адамдарга, шайлоо өнөктүгүндө аялдардын көбүрөөк катышуусуна шарт түзүү, электрондук добуш берүү каралган.

 

Ошондой эле мыйзам бузгандарга жоопкерчилик күчөтүлдү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.