Жети-Өгүздөгү ири өрт толугу менен өчүрүлдү

Жети-Өгүздө эмерек цехи жана эки дүкөндөн чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы ири өрттү өчүрүүдө беш бөлүм иштеди.

 

Тилсиз жоо болжол менен 1900 м² аянтты жалмаган.

 

Андан жабыркагандар жок. Учурда өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.