ИИМ мүлктү уурулардан коргоо үчүн бир нече жөнөкөй эрежелерди сактоону сунуштайт

Ички иштер министрлиги жарандар үйдө жок кезде мүлктү уурулардан коргоо үчүн бир нече жөнөкөй эрежени сунуштайт. Алсак, үйдөн чыгаар алдында бардык эшик-терезелерди бекем жабуу, видео байкоо камерасын орнотуу, ошондой эле муляж — жабдуулардын болушу каракчыны коркутат дешет.

 

Эгер батир биринчи кабатта болсо, анда терезе торлорун орнотуу керек. Кандайдыр бир окуя болгон учурда дароо милицияга кайрылуу зарыл, — деп айтылат маалыматта.