ЖЭБдеги авариядан жабыркаган беш адамдын экөө оор абалда

Бишкек жылуулук электр борборундагы авариядан жабыркаган беш адамдын экөө оор абалда. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, учурда алар ар кандай даражадагы күйүк алып, реанимацияда жатат. Дагы бирөө күйүк бөлүмүндө, эки жабырлануучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

 

Эске салсак, бүгүн таңкы саат 3төр чамасында Бишкек ЖЭБинде авария болгон. Кырсыктын себеби азырынча айтыла элек.

 

Абалды жөнгө салуу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери авариянын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди көрүүдө.