Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте пландалган операцияларды токтотту

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте пландалган операцияларды токтотту. Бул тууралуу 24.kgге министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

 

Чиновниктин айтымында, ал Тез жардам ооруканасындагы абал менен кабардар.

 

Ал жерде жылуулук бар, ооруканага шашылыш жардам керек болгон бейтаптар гана кабыл алынат, — деди Алымкадыр Бейшеналиев.