ЖКнын эки комитети Сыргабаев менен Машиевдин талапкерлигин колдоду

3-сентябрда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети Абсаттар Сыргабаевди транспорт жана коммуникациялар министри кызматына талапкерлигин колдоду.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети ушул эле күнү жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына Медер Машиевдин талапкерлигин жактырды.

 

Эми аларды кызматка дайындоо боюнча президенттин сунуштамасы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Президент Садыр Жапаров Абсаттар Сыргабаев июль айында министрдин милдетин аткаруучу кылып бекиткен. 48 жаштагы Абсаттар Сыргабаев буга чейин Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. Жалал-Абад облусунун жетекчиси кызматына 2020-жылы октябрда келген.

Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо ошол кезде Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев башында турган “Мекенчил” партиясынан талапкер болгон. Ошондой эле партиянын тизмесинде бешинчи катарда турган. Акыркы жолу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген

 

Абсаттар Сыргабаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы катары да белгилүү.

54 жаштагы Медер Машиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында туулган. 2016-2019-жылдары “Газпром Кыргызстан” компаниясында иштеген. 2020-жылдын декабрынан 2024-жылдын январына чейин Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болгон. Быйыл март айында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болгон.