Соода менен алектенгендерди текшерүүгө жарым жылга мораторий кирди

Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлерди текшерүүгө жана айып пул салууга жарым жылга мораторий киргизилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик салык кызматынын төрага орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди.

 

Ал мындай чечим Бишкектеги жана башка аймактардагы чоң-чоң базарлардын соодегерлеринин ККМ колдонууга каршы нааразылык акцияларын иликтөө үчүн президент Садыр Жапаров түзгөн жумушчу комиссиянын жыйынында кабыл алынганын айтты.