Жогорку Кеңеш депутаттары Бишкектин көп кабаттуу үйлрүн курулуш сапатына текшерүүнү талап кылууда

Жогорку Кеңеш депутаттары Бишкектин көп кабаттуу үйлрүн курулуш сапатына текшерүүнү талап кылууда. Соңку маалыматтарга ылайык, ордо калаада 300 миңден ашык көп кабаттуу үй бар. Алардын басымдуусу совет мезгилинде курулган.

 

Адистердин айтымында, мындай турак-жайлар сейсмикалык жактан бышык келет. Ал эми каркас ыкмасы менен башаламан салынып жаткан жаңы көп кабаттуу үйлөр кооптуураак.

 

Алар тиешелүү сейсмикалык деңгээлде курулганы менен, Түркиядагы табигый кырсыктын мисалында мындай темир-бетондук конструкция ишеничтүү эместиги аныкталды.