Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жаңы фонтан ачылды

Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жаңы фонтан ачылды.

 

Фонтан реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн соң иштеп баштады. Анда 11 даана жогорку сапаттагы борбордук электр насостору, жарыктардын өңүн кезек-кезеги менен алмаштырып турганга дистанттык башкаруу ситемасы, гранит каптоо орнотулду.