Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун экинчи туру бүгүн аяктайт.
Документ тапшыруунун жол-жобосу Билим берүү министрлигинин сайтында жеткиликтүү.
Окууга кабыл алынган абитуриент 14-январга чейин тандалган окуу жайда билим ала тургандыгын тастыкташы керек.
Белгилеп кетсек, биринчи турдун алкагында жогорку окуу жайларга 200дөн ашык студент кабыл алынды.