Улуттук банк бул жылдын эсебинен алгачкы валюталык интервенция жасап, 104 миллион 250 миң долларды сатыкка чыгарды.
Бул тууралуу маалымат банктын сайтында жазылган.
Өлкөнүн башкы каржы мекемеси буга чейин 20-декабрда 87,5 миллион доллар сатыкка чыгарган.
2022-жылы сомдун курсун туруктуу сактап туруу үчүн жалпы сегиз жолу интервенция жасалып, анын суммасы 295 миллион долларга жеткен.