Жыл башынан бери Кыргызстанда 60 миңден ашуун балага сүйүнчү төлөндү

Жыл башынан бери Кыргызстанда 60 миңден ашуун балага сүйүнчү төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

 

Министрлик ар бир бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» үчүн 4 миң сомдон берилерин эскертет. Эгер үч же андан көп бала төрөлсө, бир эле учурда ар бир балага 50 миң сом төлөнөт.

 

“Балага сүйүнчү” алуу үчүн бала төрөлгөн күндөн тарта алты айдын ичинде калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына кайрылуу керек.