Ушул жылдын 22-апрелине карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 1 млрд 244 млн 836 миң сомго 3024 насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Насыялар эки категория боюнча берилүүдө.
- Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 114441,0 миң сомго 356 насыя;
- Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 1130395,0 миң сомго 2 миң 668 насыя.
Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдору катышууда. Долбоор дыйкан-фермерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылууда.