Жыл башынан бери Кыргызстанга Кытайдан 2 миң 690 электромобиль импорттолду

Жыл башынан бери Кыргызстанга Кытайдан 2 миң 690 электромобиль импорттолду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Бажы башкармалыгынын статистикасында айтылат.

 

Көрсөткүч 2023-жылдын январь-март айларындагы импортко салыштырмалуу 1 миң 700 унаага көп. Өлкөгө ташылган машинелердин жалпы суммасы 113 миллион долларды түзөт.