Жыл башынан берки сел элди 1 миллиард 1 миллион сомдук материалдык чыгымга учуратты

Жыл башынан берки сел элди 1 миллиард 1 миллион сомдук материалдык чыгымга учуратты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

 

Анын айтымында, бул суммага Ош менен Арсланбапты каптаган селдин кесепети кошулса, чыгымдын көлөмү дагы жогорулайт. 24-июлга карата Кыргызстанда жалпысынан 311 сел кырсыгы катталган, бул өткөн жылга салыштырмалуу кыйла көп.

 

Суу 68 соцобъектти, 568 гектар айдоо аянттарын, 404 чакырым унаа жолдорун каптаган. Ошондой эле 869 мал-жандыкты, 69 көпүрөнү жана 87 унааны агызган. 76 үй авариялык абалда болсо, 86 үй оңдоого муктаж.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.