1-апрелден тарта ОСАГО албаган унаа ээлеринин айрым категорияларына айып салынат

Кыргызстанда 1-апрелден тарта ОСАГО албаган унаа ээлеринин айрым категорияларына айып салынат.

Бул тууралуу Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматы  билдирди.

Кеп башка өлкөдө катталган унаалар, мамлекеттик органдар жана юридикалык жактардын машинелери жөнүндө болуп жатат.

Камсыздандыруу полиси жок болсо аларга айып 12 миң сомду түзөт.

Ал эми жеке жактарга келерки жылдын 1-январынан тарта автоунааларды камсыздандыруу милдеттүү болуп калат.

ОСАГО жок болсо 3 миң сом айып салынат.

Камсыздандыруунун бар же жогун жол коопсуздугун караган инспекторлор текшерет.