Бишкектин Эне-Сай конушу жарыктандырылды.
Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган конушта кубаттуулугу 50 Вт жана 100 Вт болгон 78 светодиоддук чырак, 78 кронштейн орнотулду.
Ошондой эле жарыктандыруучулар бийиктиги 9 метр болгон 21 темир-бетон мамыларды орнотту.
«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоо иштерин улантат.