12-13-августта Бишкектин бир катар аймагында жаратылыш газы өчөт

Орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 12-13-август күндөрү Бишкектин бир катар аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт.

 

«Бишкекгаз» газ кызматы билдиргендей, Курманалиев, Зеленая, Колхозный, Кыргызская, Новая көчөлөрүндөгү даректерде газ өчөт.

 

Ишкана газ өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт. Оңдоо жумуштары алдыдагы күз-кыш мезгилинде газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.