Чүйдөгү “Унаа” мекемесинин бөлүмү жети күндүк график менен иштеп жатат

Чүй облусундагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Сокулук-Москва бөлүмү жети күндүк график менен иштеп жатат.

 

Ведомстводон эскертишкендей, жарандар дем алыш күндөрү да жоголгон айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу же калыбына келтирүү, транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу боюнча кайрылса болот.

 

Ал эми айдоочулук курамды тестирлөө дүйшөмбүдөн жумага чейин жүргүзүлөт.