12-сентябрдан тарта рейд жүрүп, мотоцикл, скутер айдагандарга каттуу чаралар көрүлөт

12-сентябрдан тарта рейд жүрүп, мотоцикл, скутер айдагандарга каттуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Аталган транспорт түрүнүн айдоочулары түнкүсүн элдин тынчын алып, катуу ылдамдык менен айдап башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч жаратууда.

 

Андыктан, кырсыктарды алдын алуу максатында өлкө аймагында мотоциклдерге, скутерлерге карата чоң масштабда рейд жүргүзүлөт. Ошондой эле тийиштүү документи жок айдагандарга айып салуу менен мотоциклдери айып короого токтотулары кошумчаланды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.