Маданият министрлигинин балансындагы объекттердин 80 пайызы авариялык абалда.
Бул тууралуу министр Алтынбек Максутов билдирди.
Маалыматка ылайык, мекеменин карамагында 2 миңден ашык объект бар.
Анын ичинен 40ы жараксыз абалда.
Алардын арасында Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети, республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернаты, Москва районундагы Маданият үйү жана башкалар бар.
Ошондой эле 40 объект оңдоп-түзөөгө муктаж.
Аларга Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи, Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры, министрликтин борбордук аппараты жана башка имараттар кирет.