Жакынкы бир саатта Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындан улам, унааны имараттын жана бак-дарактын түбүнө токтотпоо, электр чубалгыларынын жанына турбоо, үйдүн эшик-терезелерин жабуу сунушталат.
«Кырсык болгон учурда «112» бирдиктүү номерине байланышыңыз», — деп айтылат билдирүүдө.