Эркек менен аялдын кимиси биринчи сүйүүсүн билдирет?

Окумуштуулар эркек менен аялдын кимиси биринчи болуп сүйүүсүн билдирерин аныкташты.   Daily Mail гезити жазгандай, негизинен эркектер биринчи болуп сүйүүсүн ачыкташат. Алсак, «Мен сени сүйөм» деген сөздү эркектер орто эсеп менен мамиле башталгандан кийин 107-күнү айтышат.   Ал эми аялдар орто эсеп менен 122 күндөн… Кененирээк…

Таластагы стадионду капиталдык оңдоо башталды

Талас шаарындагы Эшим Кутманалиев атындагы стадиондо капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгу билдиргендей, аталган объект 1989-жылы ашар жолу менен курулуп, андан бери эч кандай ремонт жүргүзүлгөн эмес.   Учурда трибуналардагы отургучтар жана тепкичтер алмаштырылып жатат. Реконструкциядан кийин стадион бардык заманбап талаптарга… Кененирээк…

Билим берүү мекемелерин өрт коопсуздугуна текшерүү башталды

Жаңы окуу жылын утурлай республика боюнча билим берүү мекемелерин өрт коопсуздугуна текшерүү башталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, инспекторлор 2 миңден ашык мектепти жана 500 бала бакчаны текшерет.   Биринчи кезекте алар автоматтык өрт сигнализациясынын иштешин, электр жабдууларынын ишке жарамдуулугун, өрт өчүрүүчү каражаттардын жана эвакуация жолдорунун… Кененирээк…

Кыргызстанда акча которуулар жөнөтүлгөн валютада кабыл алына баштайт

Эртеңден тарта Кыргызстанда акча которуулар жөнөтүлгөн валютада кабыл алына баштайт.   Эске салсак, өткөн жылдын апрель айында өлкөгө келген каражатты жөнөткөн мамлекеттин валютасында же сом менен гана алууга болот деген эреже киргизилген. Алсак, Казакстандан которуу доллар менен болсо, анда аны сом же теңге менен гана… Кененирээк…

Кыргызстан чет өлкөгө дээрлик 5 миң кг алтын экспорттоду

Жарым жылда Кыргызстан чет өлкөгө 4 миң 820 кг алтын экспорттоду. Улуттук статистикалык комитет билдиргендей, анын 3 тоннадан ашыгы июнь айында Кытай менен Швейцарияга сатылган.   Жалпысынан республика Швейцарияга 3 мин 970 кг алтын экспорттогон. Ошол эле учурда өткөн жылы бул өлкөгө баалуу металл жеткирилген… Кененирээк…

Россиядагы эмгек мигранттарынын үчтөн бир бөлүгү өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн

Рублдин алсыздануусунан улам Россиядагы эмгек мигранттарынын үчтөн бир бөлүгү өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн. “Ведомости” гезитинин жазганына караганда, валюта курсунун өсүшүнөн улам чет элдик жарандардын тапкан кирешеси азайып, дээрлик өз өлкөсүндөгү пайда менен тең болуп калды.   Эксперттердин айтымында, эмгек мигранттарынын чыгып кетүүсү биринчи кезекте чекене… Кененирээк…

Трассалардагы авариянын алдын алуу үчүн буферлер орнотула баштады

Трассалардагы авариянын алдын алуу үчүн буферлер орнотула баштады. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлиги билдирди.   Ушул тушта Бишкек-Кара-Балта жолуна 50, Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна 100 даана соккуга каршы буферлер коюлуп жатат. Алар жол кырсыктарын алдын алып, адам өлүмүн болтурбоо үчүн орнотулууда.   Кум толтурулган атайын челектер… Кененирээк…

Оштун айрым көчөлөрүндө газ берүү убактылуу токтотулат

Бүгүн, 15-августта Оштун айрым көчөлөрүндө газ берүү убактылуу токтотулат.   Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, саат 10:00дөн 17:00гө чейин Курманжан Датка, Г.Айтиев, А.Навои, Мамажан, Давыдов, Ленин көчөлөрүндө көгүлтүр от жок болот. Газ берүү “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын “Ошгаз” ишканасы Курманжан Датка, Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде орточо басымдагы… Кененирээк…

КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында Кыргызстан жетинчи орунду ээледи

Беларуста өткөн КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарынын медалдык эсебинде Кыргызстандын курама командасы жетинчи орунду ээледи. Биздин спортчулар жалпысынан 27 медаль тагынышты.   13-августта командага жалгыз алтынды кыз-келиндер күрөшүндө Нурзат Нуртаева алып келди. Бардыгы болуп мелдешке 22 өлкөдөн 2 миңден ашык спортчу катышты.   Жалпы эсепте биринчи… Кененирээк…