Беларуста өткөн КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарынын медалдык эсебинде Кыргызстандын курама командасы жетинчи орунду ээледи. Биздин спортчулар жалпысынан 27 медаль тагынышты.
13-августта командага жалгыз алтынды кыз-келиндер күрөшүндө Нурзат Нуртаева алып келди. Бардыгы болуп мелдешке 22 өлкөдөн 2 миңден ашык спортчу катышты.
Жалпы эсепте биринчи орунду россиялык спортчулар, экинчини Беларусь, үчүнчүнү Өзбекстандын курама командасы ээледи.