Таластагы стадионду капиталдык оңдоо башталды

Талас шаарындагы Эшим Кутманалиев атындагы стадиондо капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгу билдиргендей, аталган объект 1989-жылы ашар жолу менен курулуп, андан бери эч кандай ремонт жүргүзүлгөн эмес.

 

Учурда трибуналардагы отургучтар жана тепкичтер алмаштырылып жатат. Реконструкциядан кийин стадион бардык заманбап талаптарга жооп берет деп күтүлүүдө.