Санариптик өнүктүрүү министрлиги ID-карталарды акысыз алмаштыруу улуттук кампаниясы тууралуу маалымат берди

Санариптик өнүктүрүү министрлиги ID-карталарды акысыз алмаштыруу улуттук кампаниясы тууралуу маалымат берди. Ведомствонун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, алмашууга AN сериясы менен 2004-жылкы үлгүдөгү паспорттор жарактуу болот.   Алар заманбап талаптарга жооп бербей жана ыңгайсыз болуп калган.   Ал эми 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карталарды алмаштыруунун кажети жок, — дешти… Кененирээк…

Бишкек көчөлөрүн оңдоо иштерине байланыштуу 2 троллейбустук каттам өзгөртүлдү

Бишкек көчөлөрүн оңдоо иштерине байланыштуу 2 троллейбустук каттам өзгөртүлдү. Мэриянын маалыматына ылайык, №7 троллейбус Киев, Абдрахманов, Валиханов, Анкара көчөлөрү менен жүрсө, №5 троллейбустук каттам Тунгуч кичи районунан Батыш автобекетине чейин убактылуу каттайт.   Белгилеп кетсек, учурда Байтик Баатыр, Ахунбаев көчөлөрүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө.

Бүгүн Байтик Баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Бүгүн Байтик Баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат.   Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, анын Горький жана Бөкөнбаев көчөлөрүн бириктирген бөлүгүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет.   Ошондой эле Байтик Баатыр көчөсүнүн Ахунбаев менен кесилиши дагы тосулат. Белгилеп кетсек, учурда аталган көчөнүн Токтомбаев көчөсүнөн… Кененирээк…

Бишкектин жаңы прокурору болуп Канат Насипов дайындалды

Бишкектин жаңы прокурору болуп Канат Насипов дайындалды.   Тиешелүү буйрукка кызматка жакында эле келген Башкы прокурор Максат Асаналиев кол койду. 40 жаштагы Насипов буга чейин Ош шаардык прокуратурасында коррупцияны алдын алуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.   Бишкектин буга чейинки прокурору Эмилбек Абдыманапов кызматтан алынды.

Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыкты

Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыкты.   Өлкөнүн башкы каржы мекемеси интервенция өткөрүп, 62 миллион 500 миң доллар сатып алды. Бул жыл башынан берки онунчу тескери интервенция.   Белгилеп кетсек, аталган каржылык операция валюта курсунун кескин серпилүүсүн алдын алууга багытталат. Учурга карата доллардын расмий куну… Кененирээк…

Германия Европа чемпионатынын плей-офф бөлүгүнө чыккан биринчи курама болду

Германия Европа чемпионатынын плей-офф бөлүгүнө чыккан биринчи курама болду. Кечээ “немис машинасы” Венгрия курамасын 2:0 эсебинде утуп алды. Голдорду Джамал Мусиала жана команда капитаны Илкай Гюндоган киргизди.   Өз кезегинде Венгрия курамасы экинчи ирет катары менен жеңилүү ызасын тартып, турнирдик таблицада акыркы орунда турат.  … Кененирээк…

Эми жылуулук үчүн квитанцияларды телефон аркылуу алса болот

Эми жылуулук үчүн квитанцияларды телефон аркылуу алса болот. “Бишкек жылуулук тармагы” абоненттери үчүн уюлдук  тиркемени ишке киргизди. Керектөөчүлөр анын жардамы менен электрондук квитанция алып, төлөм жүргүзө алат.   Ошондой эле  эсептегичтин көрсөтмөлөрүн жөнөтүп, карыздар тууралуу билдирме алышат.   Тиркемеден ишкананын жаңылыктары жана оңдоо иш-чаралары тууралуу… Кененирээк…

Кыргызстанда мүлкүн легалдаштыруунун мөөнөтү жыл аягына чейин узартылды

Кыргызстанда мүлкүн легалдаштыруунун мөөнөтү жыл аягына чейин узартылды. Тиешелүү мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, мөөнөт мурда белгиленгендей 9-июнда эмес, 31-декабрда аяктайт.   Документ  ички-тышкы инвестицияларды көбөйтүү, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу жана активдердин сакталышын камсыздоого багытталат.   Эске салсак, Кыргызстанда 2 миң… Кененирээк…

“Рух ордо” туристтик борборуна кирүү акысы арзандады

“Рух ордо” туристтик борборуна кирүү акысы арзандады. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди. Анын айтымында, буга чейин киши башына 500 сомдон алынып келген.   Жарандардын руханий азыктануусуна шарт түзүү максатында бул туристтик борборго кирүү акысы 350 сомго төмөндөтүлдү. Белгилеп кетсек, “Рух ордо” туристтик… Кененирээк…

Мүлк салыгын төлөө мурдагыдан дагы жеңилдеди

Мүлк салыгын төлөө мурдагыдан дагы жеңилдеди. Эми бул үчүн Салык кызматына жана банктарга баруунун кажети жок, — дешти Мамлекеттик салык кызматынан. Бул үчүн жаран жеке кабинетиндеги “салыктарды төлөө” бөлүмүнө кириши керек.   Андан кийин салыктын түрүн тандоо зарыл. Мүлк тууралуу толук маалымат жана QR-код пайда болот.  … Кененирээк…