«Титаникти» изилдөөгө түшкөн кеменин экпипажы набыт болушканы аныкталды

«Титаник» кемесин изилдөөгө Атлантика океанынын түпкүрүнө түшкөн «Титан» субмаринасынын (суу алдында сүзүүчү кеме) экипажы толугу менен набыт болду деп табылды.

Бул тууралуу бейшембиде саякатты уюштурган компания жана батискафты издөөгө катышкан АКШнын Жээк коргоо кызматы маалымдады.

«Биздин башкы директорубуз Стоктон Раш, Шахзада Давуд жэна анын уулу Сулейман Давуд, Хэмиш Хардинг жана Поль-Анри Нарголе, тилекке каршы, каза болду деп эсептейбиз. Булар Тынч океанды иликтөө жана коргоону каалаган чыныгы изилдөөчүлөр болчу», — деп билдирди OceanGate компаниясы.

Билдирүү куткаруу иштеринин жүрүшүндө «Титандын» калдыктары табылгандан кийин жасалды. Батискафтын калдыктары «Титаник» чөккөн жерден бир чакырымга жетпеген жерден, океандын түпкүрүнөн табышкан.

Адистердин баамында «Титан» суунун басымын көтөрө албай, бузулган болушу ыктымал. Бул качан, кандайча болгону азырынча белгисиз. Изилдөөчүлөрдүн сөөктөрү же сөөк калдыктары табылганы тууралуу маалымдалган жок.

Батискафтагы кислород төрт күнгө эсептелгени, ага ылайык, бейшемби күндүз түгөнөрү мурдатан айтылып жаткан. Кислород чыныгы иш жүзүндө көбүрөөк убакытка жетиши ыктымалдыгынан улам, издөө иштери уланган.
Издөө иштерине америкалык жана канадалык аскер учактары, Жээктеги коргоо кызматынын кемелери жана суу алдында сүзүүчү роботтор тартылды. Издөө иштери жүргөн аймактагы суунун тереңдиги — 4 чакырым экени кабарланды.

Бир кылым мурда океанга чөккөн «Титаник» кемесин изилдөө үчүн суу алдына кеткен «Титан» батискафынын экипажы менен байланыш жекшемби күнү, алар сууга түшкөндөн эки сааттан кийин үзүлгөн.

Субмаринада беш адам: 59 жаштагы британиялык миллиардер, иликтөөчү, ишкер Хэмиш Хардинг, пакистандык ишкер Шахзада Давуд уулу Сулейман менен, OceanGate Expeditions компаниясынын негиздөөчүсү Стоктон Раш жана франциялык суу алдындагы учкуч Поль-Анри Нарголе болгон.

OceanGate компаниясынын маалыматына караганда, «Титан» 3800 метр тереңдикке түшө алган дүйнөдөгү беш суу алдында сүзүүчү кемелердин бири. Салмагы 10 тоннага жакын.

Суу алдына сүзүүчү кеме менен океандын түбүнө түшүү адатта сегиз саат убакытты алат. Саякаттын баасы 250 миң доллар турат.

Өз кезегинин эң чоң, кымбат жана ыңгайлуу кемеси — «Титаник» – 1912-жылы Саутгемптондон (Британия) Нью-Йоркко баратканда айсберг менен кагылышып чөгүп кеткен. Кемедеги 2208 адамдын 1503ү набыт болгон. «Титаниктин» калдыктары 1985-жылы аныкталган.