Бүгүнтөн тарта биринчи класска каттоонун экинчи этабы башталат

Бүгүнтөн тарта биринчи класска каттоонун экинчи этабы башталат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, анын алкагында баланы жашаган жери боюнча мектепке каттаса болот.   Биринчи этапта 70 миңдей окуучу кабыл алынды. Бишкекте 6 мектепте орун калган жок, алар №26, 70, 29, 20, 13, 17-мектеп гимназиялар.

Кочкор-Атада шаардык сквер калыбына келтирилет

Кочкор-Атада шаардык сквер калыбына келтирилет. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендерди мэрия жарыялады. Долбоордун сметалык баасы 16,5 миллион сом.   Иштердин алкагында сквердеги фонтан оңдолуп, отургучтар жана көчө жарыгы орнотулат.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү көбөйүүдө

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү көбөйүүдө. “Электр станцияларынан” билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн башкы резервуарында 9 миллиард 930 миллион кубометр суу топтолду.   Суунун агып келиши секундасына 570 куб метрди түзсө, керектөө секундасына 400 куб метрди түзүүдө.

Килиан Мбаппе мадриддик “Реал” менен келишим түздү

Килиан Мбаппе мадриддик “Реал” менен келишим түздү. Бул тууралуу спорт журналисти Фабрицио Романо билдирди. футболчунун клубка өтүүсү үчүн бардык документтерге кол коюлду.   Ал эми трансфер тууралуу расмий билдирүү ушул жумада болот. Франциялык чабуулчу “Реалга” ПСЖдагы эң мыкты сезонунан кийин өттү – Мбаппе 48 беттеште… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде мамлекеттик экзамендер бүгүн башталды

Кыргызстан мектептеринде мамлекеттик экзамендер бүгүн башталды.   Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жыйынтыктоочу аттестация 9-11-класстын окуучулары үчүн 4 предмет боюнча жүргүзүлөт – алгебра, эне тили, орус тили жана Кыргызстан тарыхы боюнча.   Экзамендер 15-июнда жыйынтыкталат.

Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиадага жолдомо утту

Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиадага жолдомо утту. Ал Таиланддагы лицензиялык турнирде 57 килограммга чейинкилер категориясында чыккан. Спортчу жарым финалга чейин жетип, бирок утулуп калган.   Үчүнчү орун үчүн кармашта мушкер индиялык атаандашын уткан. Ушуну менен Кыргызстандын куржунунда 15 лицензия болду. Алар күрөштүн түрлөрү, дзюдо,… Кененирээк…

Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт

Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу 10-июнга чейин аталган жол жарым жартылай жабык болот.   Бул көчөдө 18 миң чарчы метр аянтта эски асфальтты сыйруу жана демонтаж иштери башталат, андан кийин асфальтка чейинки жумуштар жана люктарды тегиздеп орнотуу иштери жүргүзүлөт.   Акыркы… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш өлкөдө уран казууга салынган тыюуну алып салуу мыйзамын биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңеш өлкөдө уран казууга салынган тыюуну алып салуу мыйзамын биринчи окууда жактырды. Чектөөлөрдү алууну министрлер кабинети демилгелеген.   Андан билдиришкендей, жаңы уран кендерин иштетүү республика бюджетине кошумча кирешени алып келет. Эске салсак, 2019-жылдын аягында Кыргызстанда радиоактивдүү уран жана торий металлдарын казуу жана геологиялык иликтөөгө… Кененирээк…

Курулуш агенттиги Чүйдө мыйзамсыз курулуштарды бузуп жатканын билдирди

Ысык-Ата, Чүй району жана Кемин райондорунда мыйзамсыз жайгашкан объектилер бузулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мындан тышкары аталган аймактарда жайгашкан соода сатык объектилерин дизайн код боюнча иреттөө иштери жүрүүдө. Иретке келтирүү иштерин агенттиктин директору Нурдан Орунтаев, директордун… Кененирээк…

Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен жабылды

Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.   Көчөнүн аталган бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери башталды. Мэрия келтирген ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурап, айдоочуларды маршрутту алдын ала пландап чыгууга чакырды.